# 4-берене. Турак жай укуктарынын объекттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 4-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-4

---

1. Турак жайлар турак жай укуктарынын объекттери болуп саналат, аларга карата талаптар ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленет.

2. Турак жайларды курууга жана эксплуатациялоонун коопсуздугуна коюлуучу эң төмөнкү талаптар тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленет.

3. Турак жай жарандардын жашап турушу үчүн арналат. Көп батирлүү үйдөгү турак жайларды өнөр жайлык мүнөздөгү максаттар үчүн берүүгө, өткөрүп берүүгө, аларды соода орундары катары пайдаланууга, тейлөө чөйрөсүндөгү уюмдарды, анын ичинде мейманканаларды, жайгаштырууга, ошондой эле жашоодон тышкары кандай болбосун максаттар үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

4. Турак жайды пайдалануу жана эксплуатациялоо турак жайда жашаган жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону, өрт коопсуздугунун, санитардык-гигиеналык, экологиялык талаптарды жана мыйзамдардын башка талаптарын эске алуу менен, ошондой эле турак жайларды пайдалануунун Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.

5. Турак жайы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген негиздер боюнча жана тартипте жашап туруу үчүн жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Жашап туруу үчүн жараксыз турак жайларды турак жай фондунан чыгаруу Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-5)
