# 39-берене. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды таануу негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2025 года № 189 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Жилищный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О статусе военнослужащих", "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031358)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926#diff=31406..37148>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 39-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-39

---

1. Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп таанылат:

1) ошол калктуу конушта турак жай аянты менен камсыз кылууну эсепке алуу менен тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечими менен үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө аныкталган деңгээлден турак жай аянты менен камсыз болгондор;

2) белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга жооп бербеген турак жайда жашагандар;

3) өзүнүн менчигинде же үй бүлө мүчөлөрүнүн, аны менен бирге жашаган жакын туугандарынын менчигинде турак жайы болбогон;

4) өзүнүн менчигинде же аны үй-бүлө мүчөлөрүнүн алар жашаган калктуу конуштун аймагында менчигинде мурда жеке турак жай курулушу үчүн берилген жер участогу болбогондор;

5) коммуналдык батирде жашаган үй-бүлөсүнүн курамында бир батирде бирге жашоого мүмкүн болбогон айрым бир өнөкөт оорулардын оор формалары менен жабыркаган оорулуулар болгондо;

6) мезгилдик жана убактылуу жумушчуларды, ошондой эле окуусуна байланыштуу жайгаштырылган жарандарды кошпогондо, жатаканаларда жашагандар;

7) акыркы беш жылдын (Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына катышкан учурда 3 жылдын) ичинде менчигинде болгон турак жайы алынып коюлгандыгынан көрүнгөн өзүнүн турак жай шарттарынын начарлашына багытталган жарандык-укуктук аракеттерди жасабагандар.

2. Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзамдарда каралган башка негиздер боюнча да турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп таанылат.

(КР 2025-жылдын 6-августундагы № 189 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-40)
