# 37-берене. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлктү күтүүгө чыгымдарды төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам управления многоквартирными домами"](https://aqlex.ai/kg/doc/112670)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926#diff=1279535..1279536>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 37-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-37

---

1. Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайдын менчик ээси жалпы үлүштүк менчикте турган көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкарууга чыгымдарга башкаруунун тандап алынган формасына карабастан бул мүлккө жалпы менчик укугундагы өз үлүшүнө тете өлчөмдө катышууга милдеттүү.

2. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкарууга акы өлчөмү турак жайлардын менчик ээлеринин жалпы чогулушунун чечими менен аныкталат жана бир жылга аныкталат.

3. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкарууга чыгымдарды төлөө боюнча милдеттер ушул үйдөгү турак жайга менчик укугу пайда болгон учурдан тартып ушул үйдөгү турак жайлардын (турак жана турак эмес) бардык менчик ээлерине жайылтылат.

4. Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайга менчик укугу жаңы менчик ээсине өткөндө ага жалпы мүлктү башкарууга чыгымдарды төлөө боюнча милдеттенмелер да өтөт.

5. Турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин убактылуу болбошу көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкарууга чыгымдарды төлөөдөн бошотуу үчүн негиз болуп саналбайт.

6. Жалпы мүлктү башкарууга чыгымдарды төлөө боюнча карыздары бар турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкаруу органдарында, турак жай же турак жай-эксплуатациялык кооперативдерде кызмат орундарын ээлей алышбайт.

7. Ыйгарым укуктуу органдар же көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруучу адамдар жалпы мүлктү күтүүгө чыгымдарды төлөө боюнча карыздарды турак жайлардын менчик ээлеринен өндүрүп алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына же сотко кайрылууга укуктуу.

Ыйгарым укуктуу органдар же көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруучу жактар кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жалпы мүлктү кармап-күтүү боюнча чыгымдарга бир жылдан ашык катышпаган жайлардын менчик ээлеринин карызы жөнүндө маалыматтарды кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте берүүгө укуктуу. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-38)
