# 36-берене. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 36-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-36

---

1. Бардык турак жайлары мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу үй балансында турган ыйгарым укуктуу орган тарабынан ачык конкурстун натыйжалары боюнча же көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу үчүн адистешкен мамлекеттик же муниципалдык мекемени түзүү жолу менен тандалып алынган башкаруучу уюм менен башкаруу келишимин түзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Бардык турак жайлары мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруунун тартиби тиешелүүлүгүнө жараша Министрлер Кабинети же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-37)
