# 33-берене. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруучу уюм же башкаруучу тарабынан башкарылышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам управления многоквартирными домами"](https://aqlex.ai/kg/doc/112670)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926#diff=1279535..1279536>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 33-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-33

---

1. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлери турак жайдын менчик ээлеринин жалпы чогулушунун чечиминин негизинде көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу тууралуу келишим түзүүгө конкурс жарыялайт.

2. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн башкаруу башкаруучу уюм же башкаруучу тарабынан келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын жалпы мүлкүн ишенимдүү башкаруу келишимин түзүүнүн тартиби, формасы жана иштөө шарттары жарандык мыйзамдарда белгиленет.

3. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн башкаруу келишимин өзгөртүү жана (же) бузуу жарандык мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Көп батирлүү үйдүн жаппы мүлкүн башкаруу бир гана башкаруучу же башкаруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Эгерде көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы чогулушунда башка башкаруучу уюм (башкаруучу) тандалса же жалпы мүлктү башкаруунун башка ыкмасы тандалса, башкаруучу уюм (башкаруучу) жалпы мүлктү башкаруу келишими токтотулганга чейинки отуз күндө көп батирлүү үйгө бардык техникалык документтерди жана ушундай үйдү башкарууга байланышкан башка документтерди тиешелүү өкүлдөрүнө өткөрүп берүүгө милдеттүү.

6. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7. Башкаруучу уюм (башкаруучу) төмөнкүлөргө милдеттүү:

- банктык эсепке мүлктү башкаруу үчүн милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү кабыл алууга жана накталай эмес формада кирешелерди жана чыгашаларды жүргүзүүгө;

- кирешелер жана чыгашалар боюнча кагаз жана электрондук ташыгычтарда ар бир менчик ээси үчүн жеткиликтүү болгон ачык-айкын бухгалтердик эсеп жүргүзүүгө;

- квартал сайын же келишимде белгиленген мөөнөттө менчик ээлерине турак жай ээлеринин шериктигинин иши, кирешелери жана чыгашалары жөнүндө отчет берүүгө;

- сарамжалдуулукту сактоого жана акча каражаттарын үнөмдөөгө.

(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-34)
