# 32-берене. Турак жайлардын ээлеринин көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 32-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-32

---

1. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн турак жайдын менчик ээлери тарабынан башкарууда жалпы мүлктү күтүү жана пайдалануу боюнча чечимдер турак жайлардын менчик ээлеринин жалпы чогулушунда кабыл алынат. Мында чечим турак жайлардын менчик ээлеринин жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.

2. Турак жайлардын менчик ээлери көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу боюнча алардын кызыкчылыктарын билдирүүгө адамга мыйзамдарда белгиленген тартипте ыйгарым укук берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-33)
