# 31-берене. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам управления многоквартирными домами"](https://aqlex.ai/kg/doc/112670)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926#diff=1279535..1279536>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 31-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-31

---

1. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн башкаруу жарандардын жагымдуу жана коопсуз жашоо шартын, көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү күтүүнүн белгиленген ченемдерине жана эрежелерине ылайык болушуп, көрсөтүлгөн мүлктү пайдалануу маселелерин өз убагында жана квалификациялуу чечүүнү камсыз кылышы керек.

2. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн башкаруу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

1) көп батирлүү үй төрттөн ашпаган батирди өзүнө камтыган учурларда жайлардын менчик ээлери тарабынан;

2) келишимдин негизинде башкаруучу уюм (юридикалык жак) же башкаруучу (жеке ишкер статусуна ээ жеке жак) тарабынан;

з) турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери тарабынан;

4) турак жай, турак жай-эксплуатациялык кооперативдери тарабынан;

5) ушул Кодексте белгиленген учурда, адистешкен мамлекеттик же муниципалдык мекемелер тарабынан.

3. Көп батирлүү үйдүн турак же турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн башкаруунун ыкмасы жайлардын менчик ээлеринин жалпы чогулушунда тандалып алынат. Башкаруунун ыкмасын тандап алуу жөнүндө жалпы чогулуштун чечими турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы санынын ичинен көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана көп батирлүү үйдөгү жайлардын бардык менчик ээлери үчүн милдеттүү болуп саналат.

4. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-32)
