# 30-берене. Жер участокторун алып коюу менен байланыштуу бузууга жаткан турак жайлардын менчик ээлерине компенсация төлөп берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 30-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-30

---

1. Коомдук муктаждыктар үчүн жер участокторун алып коюу менен байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүнөн турак жайлар бузулган турак жайдын турак аянтынан кем эмес өлчөмдө турак жайлардын менчик ээлеринин менчигине берилет же турак жайдын рыноктук сатып алуу баасы төлөнүп берилет.

Мында бузууга жаткан турак жайлардын менчик ээлери тандоо уугуна ээ.

2. Турак жайды сатып алуунун рыноктук баасы турак жайдын рыноктук наркын, жер участогуна укукту, ошондой эле үчүнчү жактардын алдындагы милдеттенмелеринин мөөнөтүнөн мурда токтотулушуна байланыштуу менчик ээсине келтирилген зыянды өзүнө камтыйт.

3. Төмөнкүлөр коомдук муктаждыктар болуп саналат;

1) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу;

2) бул объекттерди жайгаштыруунун мүмкүн болуучу башка варианттары болбогондо мамлекеттик же муниципалдык маанидеги төмөндөгү объекттерди жайгаштыруу:

а) коргонуу жана коопсуздук объекттери;

б) транспорт, байланыш жолдору, информатика жана байланыш объекттери;

в) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегарасынын статусун жана коргоону камсыз кылуучу объекттер;

г) табигый монополиялардын субъекттеринин ишин камсыз кылуучу объекттер;

д) инженердик, жол-транспорттук инфрастүзүмдөрдүн (имараттар, курулмалар жана тилкелик трассалар), ошондой эле информатика жана байланыш, электр жана газ менен камсыздоо объекттери;

е) республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен курулуп жаткан социалдык инфратүзүмдөрдүн объекттери;

ж) муниципалдык маанидеги жылуулук жана суу менен камсыздоо объекттери.

4. Коомдук муктаждыктар үчүн жер участокторун алып коюунун тартиби жана шарттары жер мыйзамдарында аныкталат.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-31)
