# 3-берене. Турак жай мыйзамдарынын принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 3-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-3

---

1. Турак жай мыйзамдары төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

1) турак жай фондун эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыз кылууга;

2) турак жайдын менчик ээлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого жана коргоого;

3) турак жай фондун натыйжалуу пайдаланууга;

4) турак жай фондун максаттуу пайдаланууга;

5) бузулган турак жай укуктарынын калыбына келтирилишин камсыз кылууга;

6) турак жайга укуктар жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнө;

7) турак жайдын кол тийбестигине;

8) турак жайга менчиктин бардык формаларынын теңдигине;

9) Жеткиликтүү турак жайга укукту ишке ашырууга таасир көрсөтүүчү чечимдерди кабыл алуунун бардык процесстерине жарандардын катышуусун камсыз кылууга.

2. Ушул Кодексте каралган негиздер боюнча жана тартиптен башкача эч ким өзү элеп турган турак жайдан чыгарып салынышы же турак жайды пайдалануу укугу, анын-ичинде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу укугу чечилиши мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-4)
