# 29-берене. Турак жайга менчик укугунун жана башка укуктардын токтотулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 29-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-29

---

Турак жайга менчик укугу жана башка укуктар аларды токтотууга негиз болуп саналган жагдайлардан улам ыктыярдуу негизде жана мажбурлоо тартибинде токтотулушу мүмкүн. Турак жайларга менчик укугу жана башка укуктар төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:

1) турак жайдын менчик ээси ээлигин башка адамга өткөрүп бергенде;

2) менчик ээси же жалдоочу турак жайга укугунан ыктыярдуу баш тартканда;

3) мураскерлери болбогондо турак жайдын менчик ээси же жалдоочу каза болгондо;

4) турак жайды пайдалануу мөөнөтү бүткөндө;

5) ага байланыштуу кызматтык турак жай берилген эмгек жана аларга теңдештирилген мамилелер токтогондо;

6) жеңүүгө болбогон күчтүн аракеттеринин натыйжасында турак жайды андан ары пайдаланууга мүмкүн болбогондо;

7) турак жайды жалдоого берүүчү болуп саналган юридикалык жак жоюлганда;

8) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган турак жайды жалдоочу Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;

9) менчик ээсинин карыздары боюнча жер участогу менен бирге турак, жайына мыйзамга ылайык акы төлөтүп алууда;

10) бузууга жаткан турак жайы менен бирге жер участогун ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган негиздер боюнча жана тартипте алып коюуда.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-30)
