# 26-берене. Турак жайларды пайдалануу укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 26-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-26

---

1. Турак жайларды мөөнөттүү, анын ичинде ижара шартында пайдалануу укугуна Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, юридикалык жактар, чет өлкөлүк юридикалык жактар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээ болушат.

2. Турак жайлардын менчик ээлери ушул Кодекстин жоболоруна ылайык жарандык-укуктук келишимдердин негизинде аларды мөөнөттүү жана мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө укуктуу.

3. Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун турак жайлары Кыргыз Республикасынын жарандарына мөөнөттүү пайдаланууга, анын ичинде ижара шарттарында ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте берилет.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-27)
