# 25-берене. Коммуналдык батирдеги жалпы мүлккө менчик укугундагы үлүшүн аныктоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 25-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-25

---

1. Коммуналдык батирдеги бөлмөлөрдүн менчик ээлеринин жалпы мүлккө менчик укугундагы үлүштөрү тең деп таанылат.

2. Коммуналдык батирдеги бөлмөнүн менчик ээсинин көп батирлүү турак үйдөгү жалпы мүлккө менчик укугундагы үлүшү ушул бөлмө аянтынын коммуналдык батирдеги бардык бөлмөлөрдүн аянттарынын суммасына карата катышы коммуналдык батирдин жалпы аянтынын көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын жалпы аянтына карата катышына көбөйтүлүү менен аныкталат.

3. Бөлмөнүн менчик ээсинин коммуналдык батирдеги жалпы мүлкүнө менчик укугундагы үлүш көрсөтүлгөн бөлмөгө менчик укугунун тагдыры кайталанат.

4. Коммуналдык батирдеги бөлмөнүн менчик ээси төмөнкүлөргө укуксуз:

1) ушул батирдеги жалпы мүлккө карата менчик укугундагы өзүнүн үлүшүн натуралай бөлүп берүүгө;

2) ушул батирдеги жалпы мүлккө карата менчик укугундагы өз үлүшүн бөлүп берүүгө, ошондой эле ушул үлүштү аталган бөлмөгө карата менчик укугунан ажыратып бөлүп берүүгө алып келүүчү башка аракеттерди жасоого.

5. Коммуналдык батирдеги бөлмөнү сатууда ушул коммуналдык батирдеги бөлмөлөрдүн калган менчик ээлери Жарандык кодексинде белгиленген тартипте жана шарттарда бөлүнүп жаткан бөлмөнү сатып алууга артыкчылыктуу укукка ээ болушат.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-26)
