# 23-берене. Көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлккө менчик укугундагы үлүштөрдү аныктоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 23-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-23

---

1. Турак же турак эмес жайынын менчик ээсинин көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлккө менчик укугундагы үлүшү бир менчик ээсинин турак же турак эмес жайынын жалпы аянтынын көп батирлүү үйдөгү турак же турак эмес жайлардын жалпы аянтына карата аныкталат.

2. Көп батирлүү үйдөгү жайга менчик укугу башка адамга өткөндө ал мурдагы менчик ээсиндей эле ошол үйдөгү жалпы мүлккө ошол эле көлөмдө менчик укугунун үлүшүнө ээ болот. Көп батирлүү үйдөгү жайга менчик укугунун башка адамга өтүшү боюнча келишим жалпы мүлккө менчик укугунун үлүшүнүн өтүшү коштолбосо, маанисиз болуп саналат.

Көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого жатат. Жалпы мүлктөгү үлүш өлчөмү жөнүндөгү маалыматтар турак үйдүн жана батирдин техникалык паспортуна киргизилет.

3. Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээси көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктөгү өзүнүн үлүшүн натуралай бөлүүнү жүзөгө ашырууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-24)
