# 22-берене. Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлккө менчик укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 5 августа 2022 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112418)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926#diff=1279534..1279535>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 22-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-22

---

1. Бирден ашуун менчик ээсин тейлеген жайлар, үй ичиндеги тарамдар жана инженердик жабдуулар (подъезддер, вестибюлдар, батир аралык тепкич чарчылары жана аянтчалар, тепкичтер, желдеткич жана лифт шахталары, батирден тышкаркы коридорлор, коридорлор, кир жайгычтар, кир жуучу орундар, кампа-жайлар, чатыр, техникалык кабаттар, жер төлөөлөр, өткөөл шлюздар, акыр-чикир камералары, акыр-чикир өткөргүчтөр, чатырдын асты (чатыр жапмасы), имараттын курулуш конструкциялары, башка кошумча жайлар жана башкалар), ошондой эле үй жанындагы жер участоктору көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчиги болуп саналат.

2. Көп батирлүү үйдүн лифт жабдуусу көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчигинде, мамлекеттик же муниципалдык менчикте болушу мүмкүн.

3. Лифт жабдууларынын менчик ээлери болуп саналган мамлекеттик органдар жана өз алдынча башкаруу органдары капиталдык оңдоону жүзөгө ашыруу шартында көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлерине гана аларды өткөрүп бере алат.

4. Жалпы үлүштүк менчикте турган мүлктүн менчик ээлери бул мүлктү күтүү үчүн жалпы мүлктүн өзүнө тийиштүү үлүшүнүн көлөмүнө жараша каражат чыгымдоо түйшүгүн тартат.

5. Көп батирлүү үйдүн турак же турак эмес жайынын менчик ээси жалпы мүлктөгү өз үлүшүн ажырата албайт, ошондой эле бул үлүштү турак жана турак эмес жайдагы менчик укугунан өзүнчө берүүгө алып келген аракеттерди жасай албайт.

6. Жалпы мүлктүн бир бөлүгүн мыйзамдарда белгиленген тартипте пайдаланууга алган көп батирлүү үйдүн турак же турак эмес жайларынын менчик ээлери аны макулдашууда же мыйзамдарда каралган шарттарда пайдаланууга укуктуу жана аны ажыратууга укуксуз.

7. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчигинде турган мүлк ушул Кодексте белгиленген учурларда, ушундай менчик ээлеринин жалпы чогулушунун чечими боюнча ушул Кодексте белгиленген тартипте башка адамдардын башкаруусуна өткөрүлүп берилет.

8. Көп батирлүү үй кыйраган, анын ичинде капыстан жок болгон же бузулган учурда, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери жер участогуна, ушул үйдү ыңгайлуулуктары үчүн арналган анда жайгашкан башка объекттерге үлүштүк укугун сактап калат.

9. Мамлекеттик жана муниципалдык жер участогун пайдалануу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин шериктештигине өткөрүп берүү менен турак же турак эмес жайларды жеке менчикке сатып алганда токтотулат.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-23)
