# 21-берене. Көп батирлүү үйдөгү бириктирилип же улай салынган жайдын менчик ээсинин укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 21-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-21

---

1. Баштапкы долбоордо каралбаган жана имараттын конструктивдүү бөлүктөрүндө же үйдүн жанындагы жер участогуна кошумча куруунун натыйжасында пайда болгон көп батирлүү үйдөгү турак же турак эмес жай бириктирилип же улай салынган жай болуп эсептелет.

2. Бириктирилип же улай салынган жайларды куруу көп батирлүү үйдүн бардык турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин макулдугу менен мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Бириктирилип жана улай салынган жайлардын менчик ээлери көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүнүн менчик ээлери болуп саналышпайт.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-22)
