# 20-берене. Көп батирлүү үйдөгү турак эмес жайдын менчик ээсинин укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 20-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-20

---

1. Көп батирлүү үйдөгү турак эмес жай - көп батирлүү үйдүн курулушун жүзөгө ашыруу боюнча баштапкы долбоорунда каралган, жашап туруудан башка максаттар үчүн пайдаланылуучу, соода, коомдук тамактануу, турмуш тиричилик жактан тейлөө уюштуруу, эмканалар, офистер жана өнөр жайлык мүнөздөгү эмес башка уюмдар үчүн арналган жай.

Көп батирлүү үйдөгү турак эмес жайларына мыйзамда белгиленген тартипте турак жайдын (батирлердин, бөлмөлөрдүн) багытын өзгөртүп кайра куруунун натыйжасында ушундай статус алган турак эмес жайлар да кирет.

2. Көп кабаттуу үйдөгү турак эмес жайлардын менчик ээлери көп батирлүү үйлөрдөгү турак жайлардын жалпы мүлкүнүн да менчик ээлери болуп саналышат.

3. Көп батирлүү үйдөгү турак эмес жайлардын менчик ээлери алардын сакталышын, талаптагыдай техникалык жана санитардык абалын камсыз кылууга, өз эсебинен жайлардын учурдагы жана капиталдык оңдоону жүргүзүүгө, көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү күтүү жана оңдоо боюнча жалпы чыгымдарды тартууга, ошондой эле өрткө каршы эрежелерди сактоого, отун-энергетика ресурстарын үнөмдөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

Турак эмес жайдын менчик ээсинин көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү күтүү жана оңдоо боюнча жалпы чыгымдарга катышуу үлүшү көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын жалпы аянтына карата анын менчигиндеги турак эмес жайдын аянтынын катышына жараша аныкталат.

4. Ага таандык жайды өз алдынча кайра курууга же кайра өзгөртүүгө жол берген көп батирлүү үйдөгү турак эмес жайдын менчик ээси мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат жана бул жайды өз эсебинен мурдагы абалына келтирүүгө милдеттүү.

5. Көп батирлүү үйдөгү турак эмес жайларда өнөр жай өндүрүштөрүн жайгаштырууга жол берилбейт. Бул жайларда уруксат берилген жумуштардын түрлөрүнүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-21)
