# 2-берене. Ушул Кодекстин колдонулуу чөйрөсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 2-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-2

---

1. Турак жай мыйзамдары Конституцияга негизделет жана Жарандык кодекстен, ушул Кодекстен, турак жай мамилелерин, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча да мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат:

1) мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун турак жайларына ээлик кылуу, пайдалануу, тескөө, укугунун пайда болушу, жүзөгө ашырылышы, өзгөрүшү, токтотулушу;

2) жеке турак жай фондунун турак жайын пайдалануу;

3) жайлардын ээлеринин жалпы мүлкүн пайдалануу;

4) орун жайларды турак жайлардын катарына киргизүү жана аларды турак-жай фондусунан чыгаруу;

5) турак жай фонддорун эсепке алуу;

6) турак жайларды күтүү жана оңдоо;

7) турак жайларды кайра түзүү жана кайра пландаштыруу;

8) көп батирлүү үйлөрдү башкаруу;

9) турак жайды пайдалануунун натыйжасында берилген товарларга жана коммуналдык кызмат көрсөтүүгө акы төлөөнүн тартиби;

10) турак жайларды белгиленген санитардык жана техникалык эрежелерге жана нормаларга, мыйзамдардын башка талаптарына ылайык турак жай фондусун пайдаланууну жана сактоону, контролдоону ишке ашыруу;

11) мамлекеттик турак жай көзөмөлүн жүзөгө ашыруу.

Башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган турак жай укугунун ченемдери ушул Кодекске ылайык келиши керек. Башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган турак жай укугунун ченемдери ушул Кодекстин ченемдерине карама-каршы келген учурда, ушул Кодекстин ченемдери колдонулат.

2. Турак жайларды куруу, оңдоо жана кайра куруу, инженердик жабдууларды пайдалануу, коммуналдык кызматтарды көрсөтүү жана акы төлөө менен байланышкан турак жай мамилелерине ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык тиешелүү мыйзамдар колдонулат.

3. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде турак жай мыйзамдарында каралгандагыдан башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-3)
