# 19-берене. Турак жайдын менчик ээси менен бирге жашаган жарандардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 19-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-19

---

1. Турак жайдын менчик ээсинин үй бүлө мүчөлөрүнө аны менен бирге жашаган, жалпы чарба жүргүзгөн жана жалпы бюджети бар жубайы, жакын туугандары кирет. Башка туугандары, эмгекке жөндөмсүз багуусундагылар жана башка адамдар, эгер жалпы чарба жүргүзсө, жалпы бюджети болсо жана бирге жашашса менчик ээсинин үй бүлө мүчөлөрү болуп таанылышы мүмкүн.

2. Турак жайдын менчик ээсинин үй бүлө мүчөлөрү, бирге жашаган башка адамдар, эгерде макулдашууда башкача белгиленбесе, бул турак жайды анын менчик ээси менен тең пайдаланууга укугу бар. Турак жайдын менчик ээсинин үй бүлө мүчөлөрү, аны менен бирге жашаган башка адамдар турак жайды арналышы боюнча пайдаланууга жана сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.

3. Турак жайдын менчик ээсинин аракетке жөндөмдүү үй бүлө мүчөлөрү менчик ээси менен бирге жашаган башка эгерде макулдашууда башкача белгиленбесе, ушул турак жайды пайдалануудан келип чыккан милдеттенмелер боюнча менчик ээси менен бирдей жоопкерчилик тартат.

4. Турак жайга менчик укугунун башка адамга өтүшү, эгерде макулдашууда башкача каралбаса, үй бүлө мүчөлөрүнүн же менчик ээси менен бирге жашаган башка адамдардын турак жайды пайдалануу укугун токтотуу үчүн негиз болуп саналат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-20)
