# 15-берене. Турак жайларга менчик укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 15-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-15

---

1. Жарандар, ошондой эле юридикалык жактар жеке менчигинде турак жайларга ээ болууга укуктуу.

Жарандардын жана юридикалык жактардын менчигинде турган турак жайлардын саны чектелбейт.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык менчигинде турак жайларга ээ болууга, аларды ушул Кодексте, жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте жарандарга берүүгө укуктуу.

3. Мамлекеттик органдар мамлекеттик менчикте турган турак жайларга ээлик кылууну, пайдаланууну жана тескөөнү мыйзамдарда белгиленген шарттарда жана тартипте жүзөгө ашырат. Мамлекеттик органдар турак жайларды Кыргыз Республикасынын жарандарына ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте берет.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-16)
