# 14-берене. Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 14-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-14

---

1. Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар турак жайлардын мамлекеттик эсебин алууну жүзөгө ашырат, көчмө турак жай фондун талаптагыдай абалда кармайт, ошондой эле турак жай фондун жана инженердик тутумдарды ушул Кодекске жана башка мыйзамдарга ылайык коопсуз курууну жана пайдаланууну камсыз кылат.

2. Турак жай мамилелерин жөнгө салууга катышкан атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга төмөнкүлөр таандык:

1) жарандык коргоо, өрт жана радиациялык коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

2) шаар куруу жана архитектура жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

3) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

4) санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

5) айлана чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

6) монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

7) чет өлкөлүк жарандарга турак жайларды сатып алууга макулдук берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

8) кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен бүтүмдөрдү каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

9) социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-15)
