# 13-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам управления многоквартирными домами"](https://aqlex.ai/kg/doc/112670)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926#diff=1279535..1279536>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 13-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-13

---

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын турак жай мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компентенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) муниципалдык турак жай фондунун пайдаланылышын жана сакталышын, ушул фонддун турак жайларынын белгиленген санитардык жана техникалык эрежелерге жана ченемдерге, мыйзамдардын башка талаптарына ылайыктуулугун контролдоо;

2) мамлекеттик менчикте турган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына менчикке ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген негизде жана тартипте берүү;

3) муниципалдык менчикте турган турак жайларды мөөнөттүү пайдаланууга берүү;

4) турак жана турак эмес жайларды кайра куруу жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте чечим кабыл алуу;

5) муниципалдык менчикте турган жатаканаларга жана мейманкана тибиндеги үйлөргө турак үй статусун берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

6) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мажбурлоо сервитутун белгилөө;

7) муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын мыйзамдарда белгиленген тартипте жашоо үчүн жараксыз деп таануу;

8) муниципалдык турак жай фондунун көп батирлүү турак үйлөрүн башкарууга башкаруучу уюмдар (башкаруучулар) менен келишимдерди түзүү;

9) башкаруучу уюмдардын (башкаруучулардын) иши үчүн тең шарттарды камсыз кылуу;

10) турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын эсебин алууну ушул Кодексте белгиленген тартипте жүргүзүү;

11) (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

12) көп батирлүү үйлөрдүн жалпы мүлкүн башкарууну жүзөгө ашыруучу жактардын, ошондой эле ушундай ишти жүзөгө ашырууга ниети бар адамдардын адистигин жогорулатуучу курстарды уюштуруу жана өткөрүү;

13) көп батирлүү үйлөрдөгү жалпы мүлктү башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жана иштерге белгиленген баалар тууралуу, бул бааларга ылайык акы төлөөнүн өлчөмдөрү жөнүндө, көрсөтүлүүчү кызматтардын жана аткарылуучу иштердин көлөмү, тизмеги жана сапаты тууралуу маалыматтарды берүү;

14) көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү башкарууга, талаптагыдай күтүүгө жана оңдоого чыгымдарга катышуудан баш тарткан жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу;

15) менчигинин түрүнө карабастан көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы мүлкүнүн техникалык жана санитардык абалына жана өз убагында оңдоого контролду жүзөгө ашыруу;

16) турак жай мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү.

(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-14)
