# 12-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам управления многоквартирными домами"](https://aqlex.ai/kg/doc/112670)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926#diff=1279535..1279536>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 12-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-12

---

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын турак жай мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компентенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) турак жай фондун өнүктүрүү жана куруу, коммуналдык тейлөө жана ушул жерди көрктөндүрүү программаларын бекитүү;

2) кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөнүн ченемдерин жана өз компетенциясынын чектеринде тарифтерди бекитүү;

3) муниципалдык турак жай фондунун турак жайы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн жана акы төлөөнүн түзүмүн аныктоо;

4) жарандарды социалдык коргоо социалдык стандарттарды бекитүү жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен турак жай субсидияларын берүү;

5) жарандардын укуктарын коргоо үчүн турак жай маселелери боюнча комиссияларды түзүү;

6) муниципалдык, анын ичинде адистешкен турак жай фондунан турак жайларын берүүнүн тартибин аныктоо;

7) муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ошондой эле башка юридикалык жактар тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү;

8) лифттик жабдууларды пайдаланууга тарифтерди бекитүү;

9) (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

10) муниципалдык турак жай фондунун көп батирлүү үйүн башкаруунун тартибин аныктоо;

11) турак жай мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү.

(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-13)
