# 10-берене. Министрлер Кабинетинин компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 10-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-10

---

Министрлер Кабинетинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет;

1) турак жай мамилелеринин чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;

2) жарандардын турак жайларга керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү максаттарында турак жай чөйрөсүндө кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүүгө көмөктөшүү;

3) жарандардын турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн, анын ичинде турак жайларды сатып алуу же куруу үчүн субсидияларды же жеңилдетилген насыяларды белгиленген тартипте берүү жолу менен бюджеттик жана мыйзам тыюу салбаган акчалай каражаттардын башка булактарын пайдалануу;

4) турак жай курулушуна дем берүүчү программаларды бекитүү;

5) турак жай фондун мамлекеттик эсепке алуунун тартибин бекитүү;

6) турак жайларын пайдалануунун эрежелерин бекитүү;

7) жарандарды социалдык коргоо жана турак жайга мамлекеттик стандарттарды бекитүү;

8) турак жай реформасын өткөрүүнү уюштуруу;

9) жарандардын айрым категориялары үчүн мамлекеттик адистешкен турак жай фондунан турак жайларды берүүнүн тартибин аныктоо;

10) көчмө турак жай фондунан турак жайларды берүүнүн тартибин аныктоо;

Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 382 "Көчмө турак жай фондунун турак жайын берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

11) турак жай мыйзамдарынын аткарылышын, турак жай фондун пайдаланууну жана сактоону, турак жайлардын белгиленген санитардык жана техникалык эрежелерге жана ченемдерге, мыйзамдардын башка талаптарына ылайыктуулугун көзөмөлдөө үчүн шарттарды түзүү;

12) турак жай курулушун жүзөгө ашырууда мыйзамдарда белгиленген талаптардын сакталышын көзөмөлдөөнү камсыз кылуу;

13) мамлекеттик турак жай фондунун үйлөрүндө турак жайды пайдаланганы үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрүн белгилөө;

14) турак жай курулушун өнүктүрүү Фондун түзүү жана аны башкаруу;

15) мамлекеттик турак жай фондунун көп батирлүү үйүн башкаруунун тартибин аныктоо;

16) турак жана турак эмес жайларды кайра куруунун шарттарын жана тартибин аныктоо;

17) турак жайды жашоо үчүн жараксыз деп таануунун жана аны турак жай фондунан чыгарып салуунун тартибин аныктоо;

18) мажбурлоо сервитутун белгилөөнүн тартибин аныктоо;

19) турак жай мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү;

20) көп батирлүү турак үйдүн жанындагы жер участогун жол-жоболоштуруунун жана чек араларын белгилөөнүн тартибин аныктоо.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-11)
