# 6-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203925)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203925/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4855/edition/483812/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203925/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө, 6-берене (09.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203925/st-6

---

1. Көп батирлүү үйдүн үй алдындагы жер участокторунун чек аралары үй куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү тууралуу актылардын негизинде аныкталат.

Жер участогун бөлүп берүү тууралуу акты болбогон учурда, үй алдындагы жер участогунун чек аралары үй алдындагы жер участогунун чек араларынын долбоорунун негизинде аныкталат.

2. Үй алдындагы жер участогунун чек арасынын долбоорлору архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана көп батирлүү үйлөрдүн турак жайларынын менчик ээлеринин жалпы чогулушу тарабынан бекитилет. Көп батирлүү үйдүн турак жайларынын менчик ээлеринин жалпы чогулушу көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин көпчүлүгү чогулушка катышканда укуктуу болот.

3. Үй алдындагы жер участогунун чек араларынын долбоорлору турак жайлардын менчик ээлерин тааныштыруу жана долбоор жайгаштырылган учурдан тартып бир айдын ичинде алардын сын-пикирлерин жана сунуштарын алуу үчүн жеткиликтүү коомдук жерде жайгаштырылат.

4. Көп батирлүү үйдүн үй алдындагы жер участогунун аянтынын өлчөмдөрүн эсептөөдө үй астындагы жер участогунун өлчөмү эсепке алынбайт. Мында көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын саны эсепке алынат.

5. Бири-бирине бет маңдайы, арт же каптал жактары менен жайгашкан кабаттуулуктары бирдей көп батирлүү үйлөрдүн тобу үчүн алардын үй алдындагы жер участокторунун чек аралары шаар куруу ченемдерине ылайык жана калыптанган шаар куруу кырдаалын эске алуу менен тең орто сызыгы боюнча аныкталат.

Бири-бирине бет маңдайы, арт же каптал жактары менен жайгашкан кабаттуулугу ар башка көп батирлүү үйлөрдүн тобу үчүн алардын үй алдындагы жер участокторунун чек аралары жер участокторунун аянттарынын эсептик өлчөмдөрүнө негизденип, интерполяция усулу менен кабыл алынат. Бири-бирине бет маңдай же арт жактары менен жайгашкан көп батирлүү үйлөрдүн тобу үчүн алардын үй алдындагы жер участокторунун чек аралары чеги бири-бирине бет маңдай жайгашкан көп батирлүү үй үчүн шаар куруу ченемдерине ылайык ыңгайлаштыруу элементтери жана арт жагы менен жайгашкан көп батирлүү үйдүн мейкиндигин бойлото жашылдандыруусу бар короо мейкиндигин уюштургандай аныкталат. Көп кабаттуу үйдүн артындагы жашылдандырылган мейкиндиктин эң аз өлчөмү иш жүзүндөгү кырдаалды эске алуу менен, бирок көп батирлүү үйлөр үчүн имараттын 1/2нин бийиктигинен кем эмес 3 кабатка чейин жана 4 кабаттуу көп батирлүү үйлөрдүн имаратынын бийиктигинин 1/3нен жана андан ашык белгиленет. Бири-бирине бирикпестен бир үйдүн маңдай жагы башка үйдүн каптал жагына карата жайгашкан көп батирлүү үйлөрдүн тобу үчүн алардын короо алдындагы жер участокторунун чек аралары шаар куруу ченемдерине ылайык каптал жагы менен жайгашкан көп батирлүү үйгө өтүүчү өткөөл жүрүү жолу (же тротуар менен айкалышкан) жана газон уюштурулгандай, ал эми каптал жагы менен жайгашкан көп батирлүү башка үйдүн үй алдындагы жер участогунун чек арасына үйдүн каптал жагы тараптан калыптанган шаар куруу кырдаалына жараша жана жер участокторунун болгон жайгашуусун эске алуу менен каптал жагы менен турган үйдүн кендигинде жашылдандыруу үчүн тилке киргизилгендей аныкталат. Бир көп батирлүү үйдүн арт жагы менен башка көп батирлүү үйдүн маңдай жагына бири-бирине биригүүсүз жайгашкан көп батирлүү үйлөрдүн тобу үчүн үй алдындагы жер участокторунун чек аралары шаар куруу кырдаалын эске алуу менен аныкталат жана 3 кабатка чейинки үйлөр үчүн имараттын бийиктигинин 1/2нен жана 4 кабаттуу жана андан ашык жана ар бир көп батирлүү үй тарабынан көп батирлүү үйлөр үчүн имараттын бийиктигинин 1/3нен кем эмесин түзүүгө тийиш.

6. Көп батирлүү үйдөгү үй алдындагы жер участогунун чек араларын аныктоо көп батирлүү үйдөгү жайлардын менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

7. Үй алдындагы жер участокторунун чек араларын аныктоо боюнча талаш-тартыш кырдаалдарды чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан макулдашуу комиссиясы түзүлөт. Макулдашуу комиссиясынын курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын, турак жайлардын менчик ээлеринин өкүлдөрү, ошондой эле адистер кирет.

Макулдашуу комиссиясынын ишинин тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан аныкталат.

8. Үй алдындагы жер участогунун чек араларынын долбоорунун негизинде кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чек араларын натурага алып чыгууну (жеринде бекитүүнү) жүзөгө ашырат, жер участогуна укукту каттайт жана мыйзамдарда белгиленген тартипте үй алдындагы жер участогуна укуктарды ырастоочу документтерди берет.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203925/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203925/st-7)
