# 3-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203925)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203925/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4855/edition/483812/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203925/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө, 3-берене (09.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203925/st-3

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ылайык келтиргенге чейин турак жай мамилелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

2. Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси аны колдонууга киргизгенден кийин пайда болуучу турак жай укуктук мамилелерине колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси колдонууга киргизгенге чейин пайда болгон турак жай укуктук мамилелери боюнча ал колдонууга киргизилгенден кийин пайда болгон укуктарга жана милдеттерге карата колдонулат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203925/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203925/st-4)
