# КР 2013-жылдын 4-июлундагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 4-июлундагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203922>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4852/edition/1119844/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203922.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 4-июлундагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203922

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 4-июлу № 114

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203922/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 348-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-11-пункттар менен толукталсын:

"9) чач тарачтардын жана сулуулук салондорунун кызмат көрсөтүүлөрү;

10) менчик стоматологиялардын кызмат көрсөтүүлөрү;

11) жарнама такталарын ижаралоо кызмат көрсөтүүлөрү.".

2. 349-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-11-пункттар менен толукталсын:

"

| 9) чач тарачтардын жана сулуулук салондорунун кызмат көрсөтүүлөрү | 1 орундук кресло | 2000 сом |
| --- | --- | --- |
| 10) менчик стоматологиялардын кызмат көрсөтүүлөрү | 1 орундук кресло | 5000 сом |
| 11) жарнама такталарын ижаралоо кызмат көрсөтүүлөрү | 1 жарнама тактасы | 5000 сом |

".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203922/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203922/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын бир айлык мөөнөттө чач тарачтардын, сулуулук салондорунун жана жарнама такталарынын кирешелүүлүк деңгээлин жана жайгашкан жерин эске алуу менен ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
