# КР 2013-жылдын 4-июлундагы № 111 ""Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 4-июлундагы № 111 ""Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203919>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4849/edition/477607/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203919.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 4-июлундагы № 111 ""Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (04.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203919

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 4-июлу № 111

"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203919/st-1)

"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 4, 341-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 9-берененин 1-бөлүгү "жыйынтыктарына" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүдө музыкалык чыгармаларды аткаруучулар тарабынан кызмат көрсөтүүлөр "Фонограммалар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203919/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
