# КР 2013-жылдын 2-июлундагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 2-июлундагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203917>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4847/edition/858732/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203917.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 2-июлундагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203917

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 2-июлу № 109 Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203917/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 106-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Мамлекеттик саясий жана муниципалдык саясий кызматты ээлеп турган адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлөрүнө жеке кепил болуп чыгууга тыюу салынат.".

2. 122-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Мамлекеттик саясий жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеп турган адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлөрүнө сотто бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнмө жасоого тыюу салынат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203917/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
