# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20391>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1392/edition/705384/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20391.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу" токтому (20.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20391

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 20-январы № 8

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 22-январындагы № 9 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту. Жергиликтүү кеңештердин сессияларынын токтомдору менен айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулган. Ал токтомдордун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун алган, шайланган депутаттардан кийин турган талапкерлерге жана пропорциялуу система боюнча саясий партиялардын тизмелериндеги депутат болуп шайлангандардан кийин катталган талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү кеңештердин №1 тиркемеде аталган депутаттарын шайланган депутат деп таануу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көрсөтүлгөн токтомдорунун бөлүктөрү бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп эсептелсин.

2. Жергиликтүү кеңештердин №1 тиркемеде аталган депутаттарынын каттоосу бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылсын

3. Жергиликтүү кеңештердин №1 тиркемеде аталган депутаттарынын ырастамалары бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп эсептелсин.

4. Аймактык шайлоо комиссияларынын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” №2 тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.

5. №2-тиркемеде аталган талапкерлер бул токтом жарыяланган күндөн тартып жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.

6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастаманы жана төш белгини берсин.

7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.

9. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 8 токтомунун № 1 тиркемеси

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттары

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж.

Депутатты таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы

Жалал-Абад облусу

Ала-Бука району

1

Көк-Серек

Исраилов Камчыбек Абазбекович

№ 152, 15.12.2012

Ноокен району

2

Момбеков

Тороканов Данияр Байжигитович

№ 152, 15.12.2012

Нарын облусу

Ат-Башы району

3

Ак-Муз

Осмонсадык уулу Төлөбек

№ 154, 15.12.2012

Жумгал району

4

Чаек

Абдраимов Жеңишбек

№ 108, 11.06.2013

Талас облусу

Талас району

5

Калба

Ашыралиев Фархад Анаркулович

№ 156, 15.12.2012

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 8 токтомунун № 2 тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин кийинки шайланган депутаттары

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.

Бош калган мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Жалал-Абад облусу

Ала-Бука району

1

Көк-Серек

Шабданов Ботокул Мамытович

№ 5, 8.01.2014

Ноокен району

2

Момбеков

Субанов Кенжебек Каримович

№ 4, 10.12.2013

Нарын облусу

Ат-Башы району

3

Ак-Муз

Дүйшенбиев Бактыбек Жолдошалиевич

№ 4, 24.12.2013

Жумгал району

4

Чаек

Кадырбаев Тилек Шаршенбекович

№ 1, 13.01.2014

Талас облусу

Талас району

5

Калба

Мураталиев Джанболот Эсенжанович

№ 1, 11.01.2014
