# 7-берене. Соттук эксперттин көз карандысыздыгы

- Документ: [Соттук-эксперттик иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203908)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июнундагы № 100 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4838/edition/1244142/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203908/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук-эксперттик иш жөнүндө, 7-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-7

---

Экспертиза жүpгүзүүдө соттук эксперт көз карандысыз жана экспертизаны дайындаган органдан же жактан, иштин бүтүшүнө кызыкдар башка адамдардан кандайдыр бир көз каранды болушу мүмкүн эмес. Эксперт өзүнүн адистик билимине ылайык жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжаларына негизденип корутунду берет. Сот, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарга, уюмдарга, бирикмелерге, ошондой эле жеке жактарга соттук экспертизаны жүргүзүүгө кийлигишүүгө тыюу салынат. Соттук эксперттин ишине кийлигишкен учурда, адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-8)
