# 38-берене. Чет мамлекеттин соттук эксперттерин тартуу менен соттук экспертизаны жүргүзүү

- Документ: [Соттук-эксперттик иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203908)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июнундагы № 100 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4838/edition/1244142/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203908/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук-эксперттик иш жөнүндө, 38-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-38

---

1. Соттук экспертизаны дайындаган орган (жак) өз демилгеси боюнча же болбосо соттук-эксперттик уюмдун жетекчисинин өтүнүчү боюнча чет мамлекеттердин соттук экспертиза жаатындагы адистерин тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өтүнүч жасоого укуктуу.

2. Чет мамлекеттердин соттук эксперттеринин катышуусунда соттук экспертизаны жүргүзүү соттук экспертизаны аткаруучу өлкөнүн процесстик мыйзамдарында, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Соттук экспертизага катышкандыгы үчүн чет өлкөлүк адистерге акы төлөө жана аны өткөрүү менен байланышкан башка чыгымдардын ордун толтуруу тараптардын макулдашуусу боюнча жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-39)
