# 37-берене. Чет мамлекеттин компетенттүү органынын тапшыруусу боюнча соттук экспертизаны жүргүзүү

- Документ: [Соттук-эксперттик иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203908)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июнундагы № 100 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4838/edition/1244142/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203908/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук-эксперттик иш жөнүндө, 37-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-37

---

1. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим бар чет мамлекеттин компетенттүү органынын тапшырмасы боюнча соттук экспертиза жүргүзүлүшү мүмкүн. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде башкача каралбаса, мындай учурларда соттук экспертизаны аткаруучу өлкөнүн мыйзамдары колдонулат.

2. Соттук экспертизанын наркына акы төлөө тапшырыкчы менен соттук экспертизаны аткаруучунун ортосунда түзүлгөн макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-38)
