# 35-берене. Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдардын ишин маалыматтык камсыз кылуу

- Документ: [Соттук-эксперттик иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203908)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июнундагы № 100 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 апреля 2023 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судебно-экспертной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112563)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908#diff=1244142..1244143>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4838/edition/1244142/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203908/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук-эксперттик иш жөнүндө, 35-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-35

---

1. Уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан уюмдар мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдардын жетекчилеринин суроо-талаптары боюнча соттук экспертизаларды өткөрүү үчүн зарыл маалыматтарды, өз продукциясынын үлгүлөрүн жана каталогдорун, техникалык жана технологиялык документтерин жана соттук экспертизанын усулдук жана ченемдик базасын түзүү жана жаңылоо үчүн зарыл башка маалыматтык материалдарды акысыз берүүгө милдеттүү. Мында мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырларды түзгөн алынган маалыматтардын ачыкка чыгарылбашын камсыз кылышат.

2. Мамлекеттик соттук-эксперттик уюм иш боюнча соттук экспертиза бүткөндөн кийин соттон, алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн органдан, тергөөчүдөн изилденип жаткан объекттерди эксперттик, илимий жана окутуучу-усулдук иште пайдалануу үчүн алуу жөнүндө өтүнүч жасоого укуктуу.

(КР 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [343-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-343)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-36)
