# 341-берене. Соттук-эксперттик ишти илимий-усулдук жактан камсыз кылуу

- Документ: [Соттук-эксперттик иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203908)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июнундагы № 100 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-341>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4838/edition/1244142/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук-эксперттик иш жөнүндө, 341-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-341

---

1. Соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн сертификатын алууга талапкер болгон, соттук экспертиза органдарынын кызматкерлери болуп саналбаган адамдар соттук экспертиза органдарында, окуу жана башка уюмдарда тиешелүү эксперттик адистик боюнча атайын кесиптик даярдоодон, кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өтөт.

2. Соттук-эксперттик ишти илимий-усулдук жактан камсыз кылуу, ошондой эле соттук эксперттерди кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Соттук эксперттер палатасынын катышуусу менен соттук экспертиза чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.

(КР 2025-жылдын 8-августундагы № 192 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-34)  
Кийинки берене: [342-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-342)
