# 32-берене. Соттук эксперттин корутундусунун тууралыгынын жана калыстыгынын кепилдиги

- Документ: [Соттук-эксперттик иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203908)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июнундагы № 100 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4838/edition/1244142/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203908/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук-эксперттик иш жөнүндө, 32-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-32

---

Соттук эксперттин корутундусунун тууралыгы жана калыстыгы төмөнкүдөй кепилденет:

1) соттук эксперттин тапшырманын маңызы боюнча изилдөөнү толук жана ар тараптуу өткөрүүгө жана изилдөөнүн жүрүшүн жана натыйжаларын процесстин катышуучуларына түшүнүктүү формада баяндоо менен жазуу жүзүндө корутунду берүүгө милдеттенгени менен;

2) соттук эксперттин тыянактарынын тууралыгы жана корутундунун мазмуну үчүн жеке жазык жоопкерчилиги менен;

3) соттук экспертизаны жүргүзүү үчүн берилген материалдардын жана маалыматтардын аныктыгы жана толуктугу менен;

4) баштапкы маалыматтар толук эмес жана карама-каршылыктуу болгон учурда соттук эксперттин кошумча маалыматтарды берүүнү талап кылуу укугу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда соттук эксперттин корутунду берүүдөн баш тартуу укугу менен;

5) соттук эксперттин соттук экспертизанын тапшырмасынын маселелерин кайра туюндуруу жана өз демилгеси боюнча коюлган башка маселелерди чечүү укугу менен;

6) далил катары соттук эксперттин корутундусуна тергөөчүнүн, прокурордун, алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн органдын жана соттун акыркы бааны берүү укугу менен;

7) тергөөчүнүн, прокурордун, алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн органдын, соттун соттук экспертти суракка алуу, кошумча жана кайталап экспертизаларды дайындоо укугу менен;

8) иштин натыйжасына кызыкдар жактардын соттук экспертизаларды жокко чыгаруу жана дайындоо, кайталап жана кошумча соттук экспертизаларды дайындоо жөнүндө өтүнүч билдирүүгө укугу менен;

9) соттук эксперттин (экспертизаны жүргүзүүдө) сот, тергөө, башка мамлекеттик органдарга жана алардын кызмат адамдарына, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактарга көз карандысыздыгы менен.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-33)
