# 30-берене. Корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү

- Документ: [Соттук-эксперттик иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203908)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июнундагы № 100 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 апреля 2023 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судебно-экспертной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112563)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908#diff=1244142..1244143>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4838/edition/1244142/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203908/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук-эксперттик иш жөнүндө, 30-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-30

---

1. Корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү төмөнкү учурларда түзүлөт:

1) (КР 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 83 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) соттук экспертке берилген материалдар корутунду берүү үчүн жараксыз же жетиштүү эмес болсо;

3) эгерде изилдөөлөрдүн усулдарын жана ыкмаларын илимий иштеп чыгуунун заманбап деңгээли коюлган маселелерди толук чечүүгө мүмкүнчүлүк бербесе;

4) коюлган маселелерди чечүүнүн илимий жактан иштелип чыккан усулу жок болсо;

5) эгерде белгилердин ашкереленген жыйындысы карама-каршылыктуу жана маселени маңызы боюнча чечүү үчүн жетишсиз болсо.

2. Корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү кириш, жүйөлөштүрүүчү жана корутунду бөлүктөн, ошондой эле атайылап жалган корутунду бергендиги үчүн же корутунду берүүдөн баш тартканы же качкандыгы үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө соттук эксперт (эксперттер) эскертилгени жана ага Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык соттук эксперттин укуктары жана милдеттери түшүндүрүлгөнү жөнүндө кол коймо эскертмеден турат.

3. Корутунду берүүгө мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүнүн материалдары боюнча кайталап соттук экспертиза дайындалышы мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-31)
