# 29-берене. Эксперттин же эксперттер комиссиясынын корутундусу жана анын мазмуну

- Документ: [Соттук-эксперттик иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203908)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июнундагы № 100 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 апреля 2023 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судебно-экспертной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112563)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908#diff=1244142..1244143>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4838/edition/1244142/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203908/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук-эксперттик иш жөнүндө, 29-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-29

---

1. Зарыл изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин эксперт (эксперттер) өзүнүн атайын билимине ылайык изилдөөлөрдүн натыйжаларын баалоого негизделген ички ынанымы боюнча жазуу жүзүндө корутунду түзөт.

2. Корутунду эки нускада түзүлөт. Бир нускасы соттук экспертизаны дайындаган органга (жакка) жиберилет, экинчи нускасы соттук-эксперттик уюмда же соттук экспертте калат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат.

3. Корутундунун ар бир бетине соттук эксперт (эксперттер) тарабынан кол коюлат. Эгерде соттук эксперт соттук-эксперттик уюмдун кызматкери болсо, анын колу тыянактардан кийин соттук-эксперттик уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

4. Соттук эксперттин корутундусу кириш, изилдөө бөлүмдөрүнөн жана тыянактардан, ошондой эле атайылап жалган корутунду бергендиги үчүн же корутунду берүүдөн баш тартканы же качкандыгы үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө соттук эксперт (эксперттер) эскертилгени жана ага Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык соттук эксперттин укуктары жана милдеттери түшүндүрүлгөнү жөнүндө кол коймо эскертмеден турат.

Соттук эксперттин же эксперттердин комиссиясынын корутундусунда төмөнкүлөр чагылдырылуусу керек:

1) соттук экспертизаны жүргүзүлгөн убак жана жер;

2) соттук экспертизаны жүргүзүү үчүн негиз;

3) соттук экспертизаны дайындаган орган (жак) жөнүндө маалыматтар;

4) соттук экспертизаны жүргүзүү тапшырылган эксперт же эксперттер жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты, билими, адистиги, иш стажы, окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы, ээлеген кызматы);

5) эксперттин же эксперттер комиссиясынын алдына коюлган маселелер;

6) изилдөө объекттери жана экспертке соттук экспертизаны жүргүзүү үчүн берилген материалдар;

7) соттук экспертизаны жүргүзүүдө катышкан процесстин катышуучулары жөнүндө маалыматтар;

8) колдонулган ыкмаларды көрсөтүү менен изилдөөлөрдүн мазмуну жана натыйжалары;

9) натыйжаларды баалоо.

Эксперттин корутундусунун түзүмү жана мазмуну, анын ичинде комиссиялык, комплекстүү, кошумча жана кайталап соттук экспертизаларды жүргүзүүнүн натыйжаларын жол-жоболоштуруунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-30)
