# 28-берене. Соттук-эксперттик уюмда соттук экспертизаны жүргүзүүдө процесстин катышуучуларынын болуусу

- Документ: [Соттук-эксперттик иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203908)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июнундагы № 100 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4838/edition/1244142/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203908/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук-эксперттик иш жөнүндө, 28-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-28

---

1. Соттук экспертизаны жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдары тарабынан ушундай укук берилген жана буга соттук экспертизаны дайындаган органдын (жактын) кат жүзүндөгү уруксаты берилген процесстин катышуучулары болуусу мүмкүн. Бул учурда корутундунун кириш бөлүгүндө процесстин катышуучусунун статусу жана анын катышкандыгынын фактысы жөнүндө милдеттүү белги коюлат.

2. Соттук экспертизаны жүргүзүүдө катышкан процесстин катышуучулары изилдөөлөрдүн жүрүшүнө кийлигишүүгө укуксуз, бирок соттук экспертизанын предметине тиешелүү зарыл түшүндүрмөлөрдү бере алышат.

3. Соттук эксперт тарабынан корутунду түзүүдө, ошондой эле эгерде соттук экспертиза комиссиялык болуп өткөрүлүп жатса, соттук эксперттердин кеңешүү жана тыянактарын туюндуруу баскычында процесстин катышуучуларынын болуусуна жол берилбейт.

4. Эгерде соттук экспертизаны жүргүзүүдө катышкан процесстин катышуучусу соттук эксперттин ишине кийлигишкен учурда, соттук эксперт изилдөөнү токтотууга жана соттук экспертизаны дайындаган органга (жакка) процесстин көрсөтүлгөн катышуучусунун соттук экспертизаны жүргүзүүдө катышууга уруксатын жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүч жасоого укуктуу.

5. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн адамды жылаңачтоо менен коштолгон ага карата изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, ага ошол эле жыныстагы адамдар гана катыша алышат. Көрсөтүлгөн чектөө ошол изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катышкан медициналык кызматкерлерге жайылтылбайт.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-29)
