27-берене. Комплекстүү соттук экспертизаны жүргүзүү
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 апреля 2023 года № 83
1. Эгерде изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн билимдердин ар түрдүү тармактарын үйрөнүү зарыл болгон учурларда комплекстүү экспертиза дайындалат. Ал өз компетенциясынын чектеринде ар түрдүү адистиктеги эксперттер тарабынан өткөрүлөт.
2. Эгерде комплекстүү соттук экспертиза жолу менен маселени чечүү үчүн ар түрдүү соттук-эксперттик уюмдардын кызматкерлеринин катышуусу зарыл болсо, анда аны уюштуруу тергөөнү дайындаган орган (жак) аркылуу жүргүзүлөт. Соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо (аныктамада) соттук экспертизаны уюштуруу менен алектенген жетектөөчү уюм милдеттүү түрдө дайындалат. Соттук экспертизаны дайындаган орган (жак) жетектөөчү уюмга бардык изилденүүчү материалдарды жиберет. Комплекстүү соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом (аныктама) соттук экспертиза жүргүзүүнүн бардык катышуучуларына жиберилет.
3. Комплекстүү соттук экспертизаны жүргүзүүнү уюштуруу соттук-эксперттик уюмдун жетекчисине же болбосо бир нече соттук-эксперттик уюмдардын жетекчилерине жүктөлөт.
4. Эксперттик уюмдун жетекчиси экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомго (аныктамага) ылайык берилген материалдар боюнча комплекстүү экспертиза өткөрүү жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алууга жана анын өткөрүлүшүн уюштурууга да укуктуу.
5. Комплекстүү соттук экспертиза ар түрдүү адистиктеги эксперттер тарабынан жүргүзүлгөндө, алардын ар бири өздөрүнүн атайын билимдеринин чектеринде изилдөөлөрдү өткөрүшөт. Комплекстүү экспертизаны жүргүзүүгө катышкан эксперттердин корутундусунда ар бир эксперт кандай изилдөөлөрдү жана кандай көлөмдө өткөргөнү, кандай фактыларды белгилегени жана кандай тыянакка келгени көрсөтүлөт. Комплекстүү экспертизаны жүргүзүүгө катышкан ар бир эксперт алар тарабынан өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн баяндамасын камтыган корутундунун ошол бөлүгүнө кол коет жана ал үчүн жоопкерчилик тартат.
6. Жалпы тыянакты алынган натыйжаларга баа берүүгө жана ушул тыянакты туюндурууга компетенттүү эксперттер жасашат. Эгерде бир же бир нече эксперттер тарабынан аныкталган фактылар жалпы тыянактын негизи болуп саналса, бул корутундуда көрсөтүлүшү керек. Эксперттер ортосунда пикир келишпестиктер пайда болгон учурда алардын ар бири пикир келишпестикти пайда кылган бардык же айрым маселелер боюнча өзүнчө корутунду берүүгө укуктуу.
(КР 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 апреля 2023 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судебно-экспертной деятельности"Редакцияларды салыштыруу
10.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бардык катышуучуларына жиберилет.
3. Комплекстүү соттук экспертизаны кошулду: жүргүзүүнү уюштуруу алынып салынды: жана жүргүзүү соттук-эксперттик уюмдун жетекчисине же болбосо бир нече … ошол бөлүгүнө кол коет жана ал үчүн жоопкерчилик тартат.
алынып салынды: Көрсөтүлгөн комиссиянын эксперттеринин бири уюштуруучу-эксперттин ролун аткарышы мүмкүн; анын процесстик функциялары калган эксперттердин функцияларынан айырмаланбайт.
6. Жалпы тыянакты алынган натыйжаларга баа берүүгө жана ушул тыянакты … бардык же айрым маселелер боюнча өзүнчө корутунду берүүгө укуктуу.
кошулду: (КР 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203908/st-27" title="27-берене - Соттук-эксперттик иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>