# 26-берене. Комиссиялык соттук экспертизаны жүргүзүү

- Документ: [Соттук-эксперттик иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203908)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июнундагы № 100 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2025 года № 192 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судебно-экспертной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030020)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908#diff=1244143..35559>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4838/edition/1244142/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203908/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук-эксперттик иш жөнүндө, 26-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-26

---

1. Комиссиялык экспертиза татаал эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл болгон учурларда дайындалат жана бир адистиктеги (профилдеги) бир нече эксперттер тарабынан жүргүзүлөт.

Комиссиялык соттук экспертиза бир нече эксперттер, бирок бир эксперттик адистиктеги экиден кем эмес эксперттер тарабынан жүргүзүлөт.

2. Экспертизанын комиссиялык мүнөзү аны дайындаган орган (жак) же болбосо соттук-эксперттик уюмдун жетекчиси тарабынан аныкталат.

Эксперттердин комиссиясы өзүнүн алдына коюлган маселелерди чечүү зарылдыгына жараша алдыдагы изилдөөлөрдүн максатын, ыраатын жана көлөмүн макулдашат.

21. Комиссиянын курамына кирген соттук эксперттердин ишин координациялоо үчүн соттук экспертиза органынын жетекчиси же экспертиза дайындоонун демилгечиси эксперт-координаторду дайындайт.

Эксперт-координатор соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн жалпы планын иштеп чыгууну жүзөгө ашырат, соттук экспертизаны жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтүнүн чегинде айрым изилдөөлөрдү жүргүзүү мөөнөттөрүн аныктайт жана алардын сакталышын контролдойт, соттук экспертизаны дайындаган орган (жак) менен байланышты жүзөгө ашырат, соттук эксперттердин кеңешмесин жетектейт

3. Соттук экспертизаны жүргүзүү тапшырылган соттук эксперттердин комиссиясынын курамында ар бир эксперт алынган натыйжаларды кийин биргелешип талдоо менен изилдөөлөрдү толук көлөмдө жүргүзөт.

Жалпы пикирге келүү менен эксперттер эксперттердин биргелешкен корутундусун же корутунду берүү мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүсүн түзүшөт жана ага кол коюшат. Эксперттердин ортосунда пикир келишпестиктер пайда болгон учурда алардын ар бири же башкалар менен макул болбогон эксперт өзүнчө корутунду берет.

(КР 2025-жылдын 8-августундагы № 192 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-27)
