# 25-берене. Кошумча жана кайталап соттук экспертизаларды жүргүзүү

- Документ: [Соттук-эксперттик иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203908)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июнундагы № 100 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2025 года № 192 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судебно-экспертной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030020)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908#diff=1244143..35559>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4838/edition/1244142/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203908/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук-эксперттик иш жөнүндө, 25-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-25

---

1. Корутундунун тактыгы же толуктугу жетишсиз болгондо, ошондой эле мурда изилденген жагдайлар боюнча жаңы суроолор чыкканда, ошол эле же башка экспертке тапшырылуучу кошумча экспертиза дайындалышы мүмкүн.

2. Эксперттин корутундусунун тууралыгына шектенүү пайда болгон учурда башка экспертке же башка эксперттерге тапшырылуучу кайталап экспертиза дайындалышы мүмкүн.

3. Кайталап соттук экспертизаны дайындоодо баштапкы корутундунун тууралыгына шектенүү төмөнкүлөрдөн улам болушу мүмкүн:

1) корутундунун иштин материалдарына каршы келиши;

2) бир нече соттук эксперттердин корутундуларынын ортосундагы карама-каршылыктар;

3) баштапкы соттук экспертизаны жүргүзүүдө процесстик мыйзамдардын бузулушу;

4) корутундунун ички карама-каршылыктары (корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүнүн);

5) объектти изилдөөнүн толук эместиги;

6) зарыл учурларда изилдөөнүн заманбап натыйжалуу ыкмаларын, эксперттик изилдөөнүн усулдарын колдонбогондук.

4. Башка негиздер боюнча кайталап соттук экспертиза дайындоого жол берилбейт.

5. Кайталап соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо (аныктамада) тергөөчүнү, прокурорду, алгачкы текшерүүнү жүргүзүү органын же сотту кайталап эксперттик изилдөөгө түртмөлөгөн негиздер сыяктуу эле, жүйөөлөр да милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.

6. Кошумча жана кайталап соттук экспертизаларды жүргүзүүнү экспертке (эксперттерге) тапшырууда мурдагы экспертизалардын корутундулары берилүүгө тийиш.

(КР 2025-жылдын 8-августундагы № 192 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-26)
