25-берене. Кошумча жана кайталап соттук экспертизаларды жүргүзүү
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2025 года № 192
1. Корутундунун тактыгы же толуктугу жетишсиз болгондо, ошондой эле мурда изилденген жагдайлар боюнча жаңы суроолор чыкканда, ошол эле же башка экспертке тапшырылуучу кошумча экспертиза дайындалышы мүмкүн.
2. Эксперттин корутундусунун тууралыгына шектенүү пайда болгон учурда башка экспертке же башка эксперттерге тапшырылуучу кайталап экспертиза дайындалышы мүмкүн.
3. Кайталап соттук экспертизаны дайындоодо баштапкы корутундунун тууралыгына шектенүү төмөнкүлөрдөн улам болушу мүмкүн:
1) корутундунун иштин материалдарына каршы келиши;
2) бир нече соттук эксперттердин корутундуларынын ортосундагы карама-каршылыктар;
3) баштапкы соттук экспертизаны жүргүзүүдө процесстик мыйзамдардын бузулушу;
4) корутундунун ички карама-каршылыктары (корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүнүн);
5) объектти изилдөөнүн толук эместиги;
6) зарыл учурларда изилдөөнүн заманбап натыйжалуу ыкмаларын, эксперттик изилдөөнүн усулдарын колдонбогондук.
4. Башка негиздер боюнча кайталап соттук экспертиза дайындоого жол берилбейт.
5. Кайталап соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо (аныктамада) тергөөчүнү, прокурорду, алгачкы текшерүүнү жүргүзүү органын же сотту кайталап эксперттик изилдөөгө түртмөлөгөн негиздер сыяктуу эле, жүйөөлөр да милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.
6. Кошумча жана кайталап соттук экспертизаларды жүргүзүүнү экспертке (эксперттерге) тапшырууда мурдагы экспертизалардын корутундулары берилүүгө тийиш.
(КР 2025-жылдын 8-августундагы № 192 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 августа 2025 года № 192 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судебно-экспертной деятельности"Редакцияларды салыштыруу
08.08.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…сыяктуу эле, жүйөөлөр да милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.
алынып салынды: Соттук экспертизага жөнөтүлүүчү материалдардын ичинде баштапкы кошулду: 6. Кошумча жана кайталап соттук алынып салынды: экспертизанын корутундусу милдеттүү тартипте болушу керек.кошулду: экспертизаларды жүргүзүүнү экспертке (эксперттерге) тапшырууда мурдагы экспертизалардын корутундулары берилүүгө тийиш.
(КР 2025-жылдын 8-августундагы № 192 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203908/st-25" title="25-берене - Соттук-эксперттик иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>