233-берене. Соттук эксперттер палатасынын уставы
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 21-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2025 года № 192
1. Соттук эксперттер палатасынын уставында төмөнкүлөр каралууга тийиш:
1) фирмалык аталышы, жайгашкан жери жана ишинин негизги түрлөрү;
2) Соттук эксперттер палатасынын максаттары, милдеттери жана функциялары;
3) башкаруу органдарын түзүү тартиби жана ыйгарым укуктары;
4) Соттук эксперттер палатасына кирүү шарттары жана тартиби;
5) Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;
6) Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатуу тартиби;
7) Соттук эксперттер палатасынын мүлкүн түзүү жана пайдалануу тартиби;
8) уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби;
9) мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө тартиби;
10) чыгымдар сметасы боюнча отчет берүү тартиби;
11) аймактык өкүлчүлүктөрдү, башкаруу органдарын түзүүнүн, иштөөсүнүн тартиби, ошондой эле алардын ыйгарым укуктары;
12) Соттук эксперттер палатасынын этика боюнча комиссиясын түзүү тартиби жана ыйгарым укуктары;
13) Соттук эксперттер палатасын кайра уюштуруу жана жоюу тартиби.
2. Соттук эксперттер палатасынын уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболорду да камтышы мүмкүн.
(КР 2025-жылдын 8-августундагы № 192 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
233-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 8 августа 2025 года № 192 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судебно-экспертной деятельности"Редакцияларды салыштыруу
08.08.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Соттук эксперттер палатасынын уставы 1. Соттук эксперттер палатасынын уставында төмөнкүлөр каралууга тийиш: 1) фирмалык аталышы, жайгашкан жери жана ишинин негизги түрлөрү; 2) Соттук эксперттер палатасынын максаттары, милдеттери жана функциялары; 3) башкаруу органдарын түзүү тартиби жана ыйгарым укуктары; 4) Соттук эксперттер палатасына кирүү шарттары жана тартиби; 5) Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери; 6) Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатуу тартиби; 7) Соттук эксперттер палатасынын мүлкүн түзүү жана пайдалануу тартиби; 8) уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби; 9) мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө тартиби; 10) чыгымдар сметасы боюнча отчет берүү тартиби; 11) аймактык өкүлчүлүктөрдү, башкаруу органдарын түзүүнүн, иштөөсүнүн тартиби, ошондой эле алардын ыйгарым укуктары; 12) Соттук эксперттер палатасынын этика боюнча комиссиясын түзүү тартиби жана ыйгарым укуктары; 13) Соттук эксперттер палатасын кайра уюштуруу жана жоюу тартиби. 2. Соттук эксперттер палатасынын уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболорду да камтышы мүмкүн. (КР 2025-жылдын 8-августундагы № 192 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203908/st-233" title="233-берене - Соттук-эксперттик иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>