Бул документ боюнча сурооңуз барбы?

ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.

Мисалы:

231-берене. Соттук эксперттер палатасы

Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 21-глава

Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.

Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?

ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.

Берененин өзгөртүүлөр тарыхы

Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.

  1. Закон КР от 8 августа 2025 года № 192 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судебно-экспертной деятельности"Редакцияларды салыштыруу
08.08.2025 редакциясында эмне өзгөрдү

Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.

кошулду: Соттук эксперттер палатасы 1. Соттук эксперттер палатасы соттук-эксперттик ишти өнүктүрүү, мамлекеттик эмес соттук эксперттердин ишин координациялоо, ошондой эле алар тарабынан соттук-эксперттик иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы үчүн түзүлүүчү өз алдынча башкарылуучу кесиптик уюм болуп саналат. 2. Соттук эксперттер палатасы жарандык коомдун институту катары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасына кирбейт жана өз ишин ушул Мыйзамга жана соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Соттук эксперттер палатасынын уставына ылайык жүзөгө ашырат. 3. Соттук эксперттер палатасы өз алдынча уюштуруу-укуктук формасы бар коммерциялык эмес уюм болуп саналат. 4. Соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн сертификатынын негизинде соттук-эксперттик ишти жүзөгө ашыруучу адамдар Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрү болуп саналат. 5. Мамлекеттик органдардын соттук эксперттерин кошпогондо, Соттук эксперттер палатасына мүчөлүк милдеттүү болуп саналат. 6. Ушул Мыйзамдын 14-беренесинин талаптарына ылайык келбеген учурларды кошпогондо, компетенттүүлүк сертификатынын негизинде соттук-эксперттик ишти жүзөгө ашыруучу адамга Соттук эксперттер палатасынын мүчөлүгүнөн баш тартууга мүмкүн эмес. 7. Соттук эксперттер палатасынын ишин каржылоо мүчөлүк төгүмдөрдүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат. 8. Соттук эксперттер палатасы соттук эксперттердин квалификациясын жогорулатуу үчүн окуу борборун түзүүгө укуктуу. 9. Соттук эксперттер палатасы облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында өзүнүн аймактык өкүлчүлүктөрүн түзүүгө укуктуу. Соттук эксперттер палатасынын аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Соттук эксперттер палатасынын кеңеши тарабынан дайындалат. 10. Соттук эксперттер палатасынын аймактык өкүлчүлүктөрү өз ишин Соттук эксперттер палатасы бекиткен жобонун негизинде жүзөгө ашырат. (КР 2025-жылдын 8-августундагы № 192 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Документте редакцияларды толук салыштыруу

Берененин байланыштары

Берене шилтеме берет

Беренени өз сайтыңызга кошуу

Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:

<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203908/st-231" title="231-берене - Соттук-эксперттик иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>