# 22-берене. Соттук эксперттин жоопкерчилиги

- Документ: [Соттук-эксперттик иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203908)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июнундагы № 100 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 апреля 2023 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судебно-экспертной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112563)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908#diff=1244142..1244143>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4838/edition/1244142/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203908/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук-эксперттик иш жөнүндө, 22-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-22

---

1. Соттук эксперт өзүнүн атайын билимине ылайык жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжаларына баа берүүнүн негизинде өз атынан корутунду берет жана ал үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

2. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай жана (же) өз убагында аткарбаганы үчүн соттук эксперт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик же жазык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

3. Алган эксперттик адистиги боюнча компетентсиздиги ашкереленгенде эксперт компетенттүүлүк сертификатынан ажыратылат.

(КР 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-23)
