Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
21-берене. Эксперттин укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 апреля 2023 года № 83
1. Эксперт төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тиешелүү соттук-эксперттик уюмдун жетекчисине соттук экспертизаны жүргүзүүгө башка эксперттерди тартуу жөнүндө өтүнүч жасоого;
2) процесстин катышуучулары тарабынан анын корутундусу же көрсөтмөлөрү туура эмес түшүнүүлөрүнүн жүйөөсү боюнча тергөө аракетинин же сот жыйынынын протоколуна киргизилүүгө жаткан билдирүүлөрдү жасоого;
3) эркин билген тилде корутундуну жана жоопторду берүүгө жана алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн адам, тергөөчү, прокурор же сот дайындаган котормочунун кызматынан пайдаланууга;
4) соттук экспертизанын предметине тиешелүү иш материалдары менен таанышууга жана кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч берүүгө;
5) соттук экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдо (аныктамада) баяндалган маселенин туюндурулушун тапшырманын маңызын өзгөртпөстөн корутундуда өзгөртүүгө. Маселени адегендеги туюндурмасына кайра келтиргенден кийин бул маселе соттук эксперт тарабынан өз компетенциясына жана атайын билимдерине ылайык кандай түшүнүлөөрү көрсөтүлөт;
6) эксперттик изилдөөнүн усулун өз алдынча тандоого жана ушул соттук экспертизаны талаптагыдай жүргүзүү максатында зарыл учурда илимий изилдөөлөрдү жана эксперименттерди өткөрүүгө;
7) корутунду берүү үчүн мааниге ээ далилдерди изилдөө үчүн зарылдыктын чектеринде соттук жыйналышка өзүнүн катышуу убактысын чектөө жөнүндө соттон суранууга, же андай изилдөөнү соттук-эксперттик уюмдун шарттарында өткөрүү зарылдыгы жөнүндө билдирүүгө;
8) өзүн суракка алуу протоколу менен таанышууга жана протоколго киргизүүгө жаткан сын-пикирлерди айтууга, суракка алууда өзүнүн жоопторун өз колу менен жазып берүүгө;
9) эгерде соттук экспертиза комиссиялык болуп өткөрүлсө, башка соттук эксперттер менен кеңешүүгө;
10) соттук экспертизаларды жүргүзүүдө өзгөчө пикирин баяндоого;
11) алар боюнча өзүнө суроо коюлбаган, иш үчүн олуттуу мааниге ээ болгон соттук экспертизаны жүргүзүүдө белгиленген жагдайларга өз демилгеси боюнча кошумча суроолорду коюуну кошуп алганда өз корутундусунда көрсөтүүгө;
12) соттук экспертизаны дайындаган органдын (жактын) уруксаты менен тергөө же соттук аракеттерди өткөрүүгө катышууга жана соттук экспертизанын предметине тиешелүү өтүнүч жасоого;
13) эгерде алар соттук эксперттин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузса, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун же соттук экспертизаны дайындаган башка адамдардын аракеттерине жана чечимдерине мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга;
14) соттук экспертизаларды жүргүзүүгө байланышкан чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга;
15) соттук экспертизаны жүргүзүүдөн баш тартууга, эгерде:
а) изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн зарыл шарттарынын жоктугунун кесепетинен соттук эксперттин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келсе;
б) соттук эксперттин көз карандысыздыгынын принциби бузулса;
в) илимдин өнүгүшүнүн заманбап деңгээли коюлган суроолорго жооп берүүгө мүмкүндүк бербесе;
16) ушул Мыйзамдын 30-беренесинде көрсөтүлгөн шарттарда корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүгө.
Эксперт ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү процесстик мыйзамдарында каралган башка укуктарга да ээ.
2. Эксперт төмөнкүлөргө укуксуз:
1) соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо (аныктамада) көрсөтүлбөгөн буюмдук далилдерди жана иштин материалдарын изилдөөгө;
2) соттук экспертиза жасалып жаткан иштин материалдарын кызматтык жайдан тышкары сактоого;
3) өзүнө тапшырылган соттук экспертизаны жүргүзүүгө башка соттук эксперттерди же адамдарды тартууга;
4) эгерде бул анын иштин кандай бүтүшүнө кызыкдар эместигине шек келтире турган болсо, экспертиза дайындаган органдын (жактын) макулдугусуз процесстин катышуучулары менен жеке байланыш түзүүгө;
5) ишке тиешелүү, бирок мыйзамда белгиленген тартипте өзүнө берилбеген материалдарды өз алдынча чогултууга жана алып коюуга;
6) чечилиши анын компетенциясына кирбеген маселелер боюнча корутундуларды берүүгө;
7) аны дайындаган органды (жакты) кошпогондо, соттук экспертизанын натыйжалары жөнүндө кимдир-бирөөгө билдирүүгө;
8) соттук экспертизаны дайындаган органдын (жактын) уруксатысыз изилдөө объекттерин жок кылууга же болбосо алардын касиетин сезилерлик өзгөртүүгө.
3. Эксперт төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) тиешелүү соттук-эксперттик уюмдун жетекчиси же аны дайындаган орган (жак) тарабынан тапшырылган соттук экспертизаны өндүрүшкө кабыл алууга;
2) өзүнө берилген объекттерди жана иштин материалдарын толук изилдөөгө, анын компетенциясына кирген, өзүнүн алдына коюлган маселелер боюнча негиздүү жана калыс корутунду берүүгө;
3) сот экспертизасын дайындаган органды (жакты) изилдөөнүн көлөмүн кеңейтүүнүн, анын ичинде жаңы соттук эксперттерди тартуу жана башка экспертизаларды жүргүзүү жолу менен кеңейтүүнүн зарылдыгы жөнүндө күбөлөндүрүүчү, өзү аныктаган бардык фактылар тууралуу кабардар кылууга;
4) алар изилдөөнүн мүнөзүнө байланыштуу болгон учурларда, алардын максималдуу сакталышын камсыз кылуу менен, буюм далилдеринин бузулушуна жана жараксыз болушуна жол бербөөгө;
5) сот экспертизасын жүргүзүүгө байланыштуу өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды, анын ичинде жарандардын конституциялык укуктарын чектеши мүмкүн болгон маалыматтарды, ошондой эле мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам аркылуу корголгон башка сырларды түзгөн маалыматтарды, ошондой эле иштин материалдарынын маалыматтарын ачыкка чыгарбоого;
6) берилген изилдөө объекттеринин жана иштин материалдарынын сакталышын камсыз кылууга.
(КР 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 апреля 2023 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судебно-экспертной деятельности"Редакцияларды салыштыруу
10.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…иштин материалдарын изилдөөгө;
2) соттук экспертиза жасалып жаткан алынып салынды: жазык, жарандык жана администрациялык иштин материалдарын кызматтык жайдан тышкары сактоого;
3) өзүнө … коюуга;
6) чечилиши анын компетенциясына кирбеген маселелер боюнча алынып салынды: корутундуларды, түшүндүрмөлөрдү, сунуштарды кошулду: корутундуларды берүүгө;
7) аны дайындаган органды (жакты) кошпогондо, соттук … милдеттүү:
1) тиешелүү соттук-эксперттик уюмдун жетекчиси кошулду: же аны дайындаган орган (жак) тарабынан тапшырылган соттук экспертизаны алынып салынды: жүргүзүүгө кошулду: өндүрүшкө кабыл алууга;
2) өзүнө берилген объекттерди жана иштин материалдарын … объекттеринин жана иштин материалдарынын сакталышын камсыз кылууга.
кошулду: (КР 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203908/st-21" title="21-берене - Соттук-эксперттик иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>