# 17-берене. Мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссиялар

- Документ: [Соттук-эксперттик иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203908)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июнундагы № 100 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 апреля 2023 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судебно-экспертной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112563)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908#diff=1244142..1244143>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4838/edition/1244142/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203908/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук-эксперттик иш жөнүндө, 17-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-17

---

1. Мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссиялар мамлекеттик соттук эксперттин же мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдун соттук экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүү, берүүдөн баш тартуу, колдонулушун токтото туруу, токтотуу, же болбосо ажыратуу жөнүндө чечимди кабыл алат.

2. Мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссиялар соттук-эксперттик мекемелердин өкүлдөрүнөн жана 5 жылдан кем эмес эксперттик иш стажы бар соттук эксперттерден түзүлгөн туруктуу курамга ээ болот.

3. Комиссияларда соттук экспертизалардын айрым жааттары (түрлөрү) же болбосо конкреттүү эксперттик багыттар боюнча секциялар түзүлөт.

4. Комиссиялардын курамына аткаруу бийлигинин башка органдарынын, илимий мекемелердин жана жогорку окуу жайларынын эксперттик кызматтарынын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.

5. Мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссиялардын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-18)
