# 15-берене. Экспертке карата коюлуучу кесиптик жана квалификациялык талаптар

- Документ: [Соттук-эксперттик иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203908)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июнундагы № 100 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2025 года № 192 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судебно-экспертной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030020)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908#diff=1244143..35559>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4838/edition/1244142/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203908/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук-эксперттик иш жөнүндө, 15-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-15

---

1. Атайын илимий билимге ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан экспертиза жүргүзүү үчүн берилген өзүнүн квалификациясын ырастоочу компетенттүүлүк сертификаты бар Кыргыз Республикасынын жараны же чет өлкөлүк жаран эксперт боло алат.

2. Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдарда эксперттин кызмат ордун жогорку кесиптик билими бар жана конкреттүү эксперттик адистик боюнча кийинки атайын даярдыктан өткөн жаран ээлей алат.

3. Эксперттердин кесиптик даярдыгынын деңгээлин аныктоо мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссиялар тарабынан жүзөгө ашырылат. Эксперттердин кесиптик даярдыгынын деңгээли аталган комиссиялар тарабынан ар бир 5 жылда кайра каралып турууга тийиш.

(КР 2025-жылдын 8-августундагы № 192 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-16)
