# 14-берене. Соттук эксперт

- Документ: [Соттук-эксперттик иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203908)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июнундагы № 100 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2025 года № 192 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судебно-экспертной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030020)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2025 [Закон КР от 8 августа 2025 года № 192 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судебно-экспертной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030020); 10.04.2023 [Закон КР от 10 апреля 2023 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судебно-экспертной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112563)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908#diff=1244143..35559>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4838/edition/1244142/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203908/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук-эксперттик иш жөнүндө, 14-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-14

---

1. Соттук эксперт катары төмөнкүлөр чыга алат:

1) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу тартибинде соттук экспертизаны жүргүзүүчү соттук-эксперттик уюмдун (мамлекеттик жана мамлекеттик эмес) кызматкери;

2) соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн сертификаты бар соттук-эксперттик уюмдардан тышкары жеке иш жүргүзгөн жеке жактар;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук экспертизаны жүргүзүү үчүн бир жолку тартипте тартылган башка жактар.

Статусу тиешелүү башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталган укук коргоо органдарынын бөлүмдөрүнүн эксперттерин кошпогондо, мамлекеттик соттук эксперт мамлекеттик кызматчы болуп саналбайт.

2. Соттук эксперт катары ишке катышуу үчүн тартылган, кайсы бир соттук-эксперттик уюмдун штатында турбаган адам соттук экспертизаны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны дайындаган органдын (жактын) тапшырмасын аткаруу тартибинде жүргүзөт.

Мындай учурда экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылганга чейин аны дайындаган орган (жак) экспертиза жүргүзүүнү тапшырууга ниеттенген эксперттин өздүгүн, анын компетенттүүлүгүн текшерип, анын тараптар менен болгон мамилесин аныктап, эксперттен баш тартууга негиздер жок экендигин текшерүүгө тийиш.

3. Соттуулугу бар адамдар, анын жоюлганына же алып салынганына карабастан, соттук эксперт катары тартыла албайт.

Тиешелүү юридикалык факт катталган күндөн тартып 3 жылдын ичинде төмөнкүдөй адам соттук эксперт боло албайт:

1) (КР 2025-жылдын 8-августундагы N 192 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) соттук-эксперттик уюмдан (укук коргоо органдарынын профилдик бөлүмдөрү) тартиптик жорук жасагандыгына байланыштуу бошотулган;

3) соттук-эксперттик иш менен алектенүүгө компетенттүүлүк сертификатынан ажыратылган;

4) анын соттук-эксперттик иш менен алектенүүгө компетенттүүлүк сертификатынын колдонулушу токтотулган.

4. Соттук эксперт өзүнө тапшырылган соттук экспертизанын предметине таандык жана корутунду берүү үчүн мааниси бар маселелер боюнча гана иштин жагдайларын изилдөөгө катышат.

Алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн органдар, тергөө, сот жана тараптар соттук териштирүүдө соттук экспертке ага тапшырылган соттук экспертизага жана ал берген корутундуга байланыштуу гана кайрылууга укуктуу. Соттук эксперт өзү берген корутунду жана жеке өзү жүргүзгөн изилдөөлөр боюнча гана суракка алынышы мүмкүн. Соттук экспертти ал корутунду бергенге чейин суракка алууга тыюу салынат.

(КР 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 83, 2025-жылдын 8-августундагы N 192 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-15)
