# 13-берене. Соттук-эксперттик уюмдар

- Документ: [Соттук-эксперттик иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203908)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июнундагы № 100 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2025 года № 192 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судебно-экспертной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030020)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2025 [Закон КР от 8 августа 2025 года № 192 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судебно-экспертной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030020); 10.04.2023 [Закон КР от 10 апреля 2023 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судебно-экспертной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112563)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908#diff=1244143..35559>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4838/edition/1244142/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203908/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук-эксперттик иш жөнүндө, 13-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-13

---

1. (КР 2025-жылдын 8-августундагы № 192 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

1. Соттук-эксперттик иш мамлекеттик жана мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Соттук экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү аркылуу соттордун, алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн органдардын, тергөөчүлөрдүн жана прокурорлордун ыйгарым укуктарынын аткарылышын камсыз кылуу үчүн түзүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын адистештирилген мекемелери (укук коргоо органдарынын бөлүмдөрү) мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар болуп саналышат.

3. Соттук-эксперттик иштер негизги иши болуп саналган уюмдар мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар болуп таанылат. Соттук-эксперттик уюмдун штатында алар үчүн бул негизги иш орду болуп саналган жана алардын квалификациясынын деңгээли белгиленген тартипте берилген компетенттүүлүк сертификаты менен ырасталган эксперттер турууга тийиш.

Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же эл аралык стандарттарга шайкештигин аныктоого ыйгарым укуктуу болгон башка органдар (уюмдар) тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылуучу соттук экспертиза чөйрөсүндөгү сапат стандарттарына ылайык келүүгө шайкештиги боюнча аккредитациядан ыктыярдуу негизде өтүүгө укуктуу. Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар тарабынан гана жүргүзүлүүчү экспертизалардан тышкары, соттук экспертизалардын бардык түрлөрүн жүргүзөт. Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар жарылуучу техникага экспертиза, баңгизат каражаттарына, психотроптук заттарга жана прекурсорлорго экспертиза жүргүзбөйт.

4. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар эксперттик тажрыйбага, эксперттердин кесиптик даярдыгына жана адистешүүсүнө бирдей илимий-усулдук мамиле жасоонун негизинде соттук экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашырат.

5. Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар соттук экспертизаны өздөрү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталган профилге ылайык өткөрүшөт.

6. Соттук эксперттин адистигинин алкагынан чыккан жана соттук-эксперттик уюмдар тарабынан жүргүзүлбөгөн экспертизалардын айрым түрлөрүн жүргүзүү үчүн соттук экспертизаны дайындаган жактын же органдын чечими боюнча тиешелүү билимге ээ башка адистер мыйзамда белгиленген тартипте тартылышы мүмкүн.

7. Соттук-эксперттик уюмдардын башка мамлекеттер үчүн соттук экспертиза уюштуруу жана жүргүзүү боюнча иши Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 83, 2025-жылдын 8-августундагы N 192 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-14)
